Үркүндүн 100 жылдыгын эскерүүгө 2 айдан аз убакыт калды, бирок эстелик куруу иштери башталган жок.
Мындай пикирди бүгүн активисттер, тарыхчылар маалымат жыйында билдирди.
«Түштүк дарбазада бөлүнгөн жерге таш эстелиги 1993-жылы тургузулган. Аны «Ашар» жана «Асаба» кыймылдары курушкан эле. Бирок токтом боюнча 3 жылда мемориалдык комплекс курулбаса мэриянын карамагына өтмөк. Кийин ал жерге көптөгөн кафе-ресторандар салынды. Тактап айтканда, бизнесмендерге берилип кеткен. Бул жерге Үркүнгө арналган эстелик курулмак, бирок былтыр августта Ата-Бейитке куруу чечими чыккан. 1916-жылдагы окуянын 100 жылдыгын эскерүүгө аз эле убакыт калды. Азыркы учурда эч кандай эстелик тургузуу иштери баштала элек. Ал жерге белгисиз адамдын сөөгүн алып келип жашырышмак. Ал сөөктөрдү билиш үчүн экспертизадан өткөрүш керек болчу. Августка чейин бул иштерди бүтпөйт» -деп коомдук ишмер, тарыхчы Элери Битикчи билдирди.
Ал эми активист, тарыхчы Дастан Разак уулу эстеликтин «Ата-Бейитке» курулушуна каршы.
«Ал жерде 1938-жылдагы комплекс, 2010-жылдагы апрель революциясынын курмандыктарына арналган эстеликтер бар. Ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсү жайгашкан. Ата-Бейитке барган адамдар жогорудагылар менен алек болуп, 1916-жылдагы окуялар боюнча курулган эстеликке көңүл бурбай калышы мүмкүн. Ал жакка көптөр бара бербейт. Ошондуктан жалпы адамдар билип жүрүшү үчүн эстеликти Түштүк дарбазага куруу зарыл», — дейт Д. Разак уулу.
Активист 1916-жылкы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук-саясий комиссия эмне иш аткарганын коомчулукка жарыялабаганына нааразы.
«Ар бир изилдөөнү элге жеткирүү зарыл. Жалпы элдик трагедияны тарыхчылар гана эмес жалпы изилдөө болуш керек. Жаштар да бул өз аракетибизди баштадык. Алдыда конференция, жөө жүрүш, куран окуу иш-чараларын уюштурабыз. Жаштардын негизиги талабы — окуяга туура баа берип, ага чекит коюу. Болбосо бул окуянын артынан дагы саясий күчтөр өздөрүнө упай топтоо үчүн көтөрүп чыгып, башаламандык уюштурушу мүмкүн. Биз так аныктама чыгарышын талап кылабыз», -деди ал.
Элери Битикчи билдиргендей, Франция менен Германия кылымдар бою согушкан.
«Бүгүнкү күндө тарыхты биргеликте изилдеп, эскеришет. Бизде болсо «орустар эмне дейт», «алакаларды бузуп алабыз» деп ачык айта албай жашырып келет. Тарыхты тастыктап алсак, эки тарапка тең жакшы болмок, бирге өнүгөт элек. Ошондукткан биз Жогорку Кеңешке курман болгондорду эскерүү, Фрунзе музейинен бөлүм ачуу жана парктын макамын белгилөө боюнча кайрылуу жасайбыз», — дейт тарыхчы.