Жакын арада мамлекеттер аралык саммиттер өткөрүлдү. Бири Астанадагы ЕАЭБдин 2 жылдыгына арналып, экинчисинде Кыргызстанда КМШ өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болду.
31-майда ЕАЭБдин 2 жылдык саммити өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Белорус, Армения жана Орусия өлкөлөрүнүн президенттери катышкан.
Анда соода интеграциясын жогорулатуу, үчүнчү өлкөлөр менен иштешүү жана газ, мунай, мунай продукцияларынын бирдиктүү рыногун түзүү каралган. Ар бир президент өз өлкөсүндөгү ЕАЭБге киргенден кийинки орчундуу маселелерин белгилеп, Александр Лукашенко биримдик ичинде айтылып, бирок ишке ашпай жатканын ачык айткан.
Алмазбек Атамбаев Орусияга жана башка өлкөлөргө болгон транзитке Казакстандан жолтоо келтирилип жатканын билдирген. Мисалы, май айындагы Кыргызстандан барган картөшкөгө тыюу салынган. Ага карата Нурсултан Назарбаев маселени тез арада чечип берерин билдирип, жакында эле кайрадан картөшкө Казакстанга кире баштады.
Аталган саммит салтанаттык маанайда өткөндүктөн, 14 маселе каралып, Въетнам өлкөсү менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Энергетикага болгон бирдиктүү рынок жөнүндө сөз кылынып, 2025-жылдан кеч эмес, мунай жана мунай продукцияларын биримдик ичиндеги өлкөлөрдө чектөөсүз жана экспорт төлөмдөрүсүз, бирдиктүү рыноктун баасы менен эркин киргизип-чыгаруунун концепциясы ишке ашырылат деп айтылган. Энергетика ишканалары бар өлкөлөр өнөктөш өлкөлөрдүн мунай заттар инфраструктурасына дискриминациясыз колдонуунун концепциясы бекитилген.
Андан кийин 7-июнда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык саммити өттү. Ага 10 өлкөнүн өкмөт башчылары менен орун басарлары катышты.
Күн тартибинде каралган 20дан ашык маселе талкууланып, 16 документке кол коюлду. Анын ичине кызматташтыкты чыңдоо максатында билим, медицина, айыл чарба тармактары, экономика, өнөр жай, инновация, маалымат алмашуу, радиоактивдүү коопсуздук, аскер кызматташтыгы жана жаштар иши боюнча сүйлөшүүлөр камтылды. Уюм ичиндеги эркин соода аймагы тууралуу келишимдин протоколу кабыл алынды.
2020-жылга чейин өлкөлөр аралык инновациялык кызматташуунун программасына, эл каттоону жүргүзүү, калктын саламаттыгы, энергетика боюнча адистик билим берүү, радиактивдүү булактар боюнча кабардар болуу, химия өнөр жайын иштетүү, кант диабети, рак оорулары, эл аралык “Art Expo” көргөзмөсүн уюштуруу, 2016-жылдагы бирдиктүү бюджет келишимине, 2015-жылдагы расмий каржы-чарбалык ревизиясына жана башка келишим, конвенцияларга кол коюлуп, айрымдарына толуктоолор киргизилген.