Алардын айтымында, маяна батирге төлөгөнгө жетпейт.

Учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча, Бишкекте турак жайы жок депутатка жумушун аткарып турган убакытка кызматтык батир берилет. Эгер бош батир жок болсо, ижарага ай сайын каражат бөлүнүп турат.

Андан тышкары, учурда депутаттар каалаган коомдук транспортто акысыз жүрө алат. Ал эми өлкө ичинде иш сапары менен жүргөн убакта кызматтык унаа берилет.

Мирлан Жеенчороев (“Республика-Ата Журт”) депутаттардын статусу жөнүндөгү мыйзамга атайын өзгөртүүлөрдү киргизип, бул артыкчылыктарды жоюуну сунуштады. Анын айтымында, дарыгерлер, мугалимдер, милиционерлер сыяктуу эле депутаттар батирлерине өздөрү төлөшү керек. Алар эл өкүлдөрүнөн бир топ азыраак маяна алганын кошумчалады.

Буга Айнуру Алтыбаева (КСДП) депутаттар алган 25 миң сом ижара төлөгөнгө жетпейт деп билдирди.

“Аймактардан келген депутаттарды кантебиз? 25 миң сом батирге жетпейт. Сиз айтып жаткан мугалимдер менен дарыгерлер шаарда иштейт. Алардын өз үйү бар. Сиз бул айырманы сезе албай жатканыңыз мени таң калтырды”, — деди депутат.

Алтыбаеванын пикирин башка депутаттар дагы колдошту. Алар ансыз деле жардамчыларынан жана кызматтык унааларынан баш тартканын белгилешти. Узарбек Жылкыбаев (КСДП) болсо айрым эл өкүлдөрү депутаттык үй турган жер тилкесине кызыгып жатканын айтып чыкты.