46 жаштагы маркум кечээ саат 23:40 каза тапты. 

Саламаттык сактоо министирлигинин басма сөз катчысы кабарлагандай, калган жабыркаган адамдардын абалы дагы деле оор бойдон калууда.

Экөө реанимация бөлүмүндө.

6-июнда Бишкекте Фучик 47/1 дарегинде жарылуу болгон. Ал жерде газ ташыган унааларды оңдоп жатышкан.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, бир машинеден экинчисине газ куюуда коопсуздук чаралары сакталбай, ширетүүчү жабдыктар туура эмес колдонулганы жарылууга алып келген.

Жалпы 10 адам жабыркаган.

Бөлүшүү