9-11-июнь күндөрү температуранын жогорулашынан улам сел жүрүшү жана дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Кыргызгидромет билдиргендей, июнь ичи Бишкекте жана Чүй облусунда күндүзгү температура 37 градуска чейин ысыйт.

Таласта 30-35° ысык аба ырайы күтүлүүдө.

Түштүк аймактарда 32-37° ысык болсо, Ысык-Көл облусунда абанын айлык орточо температурасы 23-28 градусту түзөт. Ал эми Нарында 26…31°.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, кээ бир райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт.