Эл аралык Global Peace Index изилдөө иниституту тынчтыкты камсыз кылуу боюнча негизги 23 факторду камтыган дүйнөнүн 163 өлкөсүн изилдеп чыгып жарыялаган.
Изилдөөнүн жыйынтыгында дүйнөнүн эң тынч өлкөсү деп Исландия мамлекети табылган. Андан кийинки орундарда Дания, Австрия, Португалия турат.
Ал эми тынчтык өкүм сүрбөгөн өлкө катары 163-орунда Сирия калды. Түштүк Судан 162, Ирак 161, Ооганстан 160, Украина 156 орунду ээлешкен.
Дүйнөнүн ири державалары деп эсептелген АКШ 103, Орусия 151, Кытай 120, Түркия 145, Канада 8, Австралия 15, Германия, Франция 46, Германия 16-орунду камсыз кылган.
Кыргызстан мурдагы жылы дагы124-орунду ээлеген болчу. Ал эми коңшу мамлекеттери Казакстан 75, Өзбекстан 109, Түркмөнстан 106, Тажикстан 122 Азербайжан 134 орунду ээлешкен.