2015-жылы 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин 1916-жылдагы окуяларга тарыхый баа берүү жарылыгы чыккан эле. Андан бери бир жылдан ашуун убакыт өттү. 

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов 100 жылдык мааракени толук өткөрүү бүдөмүк болуп жатат деп белгиледи.

«1916-жылдын 95 жылдыгын эптеп өткөргөнбүз. Анан таштап койдук. Бизде ушундай салт калыптанып калды, 2014-жылы Т. Сатылгановдун 150 жылдыгын дүңгүрөтүп өткөрдүк, аны азыр эстеген адам жок. 95 жылдык да ушундай унутта калган. Биз ошондо эле 100 жылдыгын татыктуу деңгээлде өткөрүүгө камынышыбыз керек эле. Бирок андай болбоду, качан гана жарым жыл калганда кириштик, жетишпей калдык. 1916-жылга арналган музей, эстеликтер акыркы аралыкта бүтпөй калууда. Комиссия тынбай изилдөөлөрүн жүргүзүп келүүдө», — дейт тарыхчы.

Анын айтымында, Тажикстандын Хожент шаарын, Сүлүктү, Баткен, Алай, Ош, түштүк тарапты, Алматы, Санкт-Петербург шаарларынын да архивдери изилденди. Азыр да уланууда, бирок бул жылы үлгүрбөй калышты.

«Кийинки жылы да изилдей беребиз, бир жыл менен токтоп калбашыбыз керек. Муну президент да айткан. Жакында изилдеп тарыхый баа берилген китепче да чыкканы жатат. Муну коомчулук алып окуса болот», — деп белгиледи.

«Бул окуяны бетке кармап, өздөрүнө саясий упай топтоо максатында, «Үркүн» жөнүндө бир ооз сөз билбеген саясий топтор чыгып алып, саясатташтырып жатышат. Муну изилдөөдө саясат менен илимди аралаштырбаш керек. Ар кандай кыйкырыктардан улам Орусия да иштешүүдөн, материалдарды берүүдөн абайлап калды. Мисалы, Орусия бизге архивдерди 6 томдук жыйнак кылып берип жатат. Бирок орустар кыргыздарды кырган деген жерлерин алып ташташыптыр, бул тууралуу Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору билдирген», — дейт тарыхчы.