Президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн укук коргоочулар тарабынан жазган арыз каралды.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова арызына толуктоолорду киргизип, талап кылынган доонун суммасын 2 миллиондон 10 миллион сомго көтөрдү. Төлөйкан Исмаилова болсо ошол боюнча калтырды.

Азиза Абдырасулова кечээ сот өкүлүн президентке көз каранды болуп жатат деген оюн билдирген.

Атамбаев «Элдик парламенттин» жыйынына катышкан Абдырасулова менен Исмаилованы «грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр», “өлкөдө төңкөрүштү жасоону пландайт” деп сындаган.

Мындан кийин алар митинг өткөрүп, президент сөзүн артка кайтарып, кечирим сурабаса, сотко беребиз деп билдиришен. Мамлекет башчы тарабынан жооп болбогондуктан, сотко кайрылышып, ар бири 2 миллион сомдон компенсация сурашкан.+

Буга чейин президентти бир нече жаран сотко берген.

Бөлүшүү