ПЖТ+ статусу — бул Кыргызстан үчүн кошумча жардам.
Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров билдиргендей, максат ПЖТ+ статусун туура пайдаланууда турат. Европа керектөөчүлөрүнүн талабына жооп берүү оңойго турбайт. Дүкөндөрдүн критерийлерине жооп бере турган тастыктамалар керек. Этикеткасы, сырткы жасалгалоо, салмагы боюнча талаптары бар. Ишкерлерге жол-жоболорун үйрөтүү зарыл деп эсептейт.
“Бизге келген Европа биримдигинин өкүлдөрү ПЖТ+ боюнча бардык процесстерге жооп беришет. Ал эми биздин милдет 27 конвенциянын кодекстеринде жазылган талаптарды сактоодо турат. Анын ичиндеги адам жана балдардын укугун коргоону, эмгекти, экологияны коргоону жана башка талаптарды сактап, ар бир эки жыл сайын ЕБнын алдында отчёт берип туруубуз зарыл», — деди министрдин орун басары.
Мындан тышкары, анын айтымында, азыр экспорт жок эмес, аз өлчөмдө болсо да бар.
«Швейцарияга алтын, башка жактарына кургатылган жемиш, кийим-кече, кийиз жөнөтүлүп жатат. Эгер бир жыл мурунку экспорттолгон товарларды ПЖТ+ менен жөнөткөн болсок, ишкерлер 20 млн доллар каражат үнөмдөп калмак”, — дейт Э.Абакиров.
Ошондой эле ал Кыргызстанда жүздөй лаборатория бар экенине токтолду. Бирок кээ бирине жабдуу жетишпесе, экинсине адис жетишпейт. Жабдуу менен камсыздоого Орусия 600 млн доллар, Казакстан 100 млн долларга чейин каражат бөлгөн. ЕБга жардам берүүсүн өтүнүп кат жөнөтүлгөн.
Бизнес ассоциацияларынын улуттук альянсынын директору Улук Кадырбаевдин билдирүүсү боюнча, кыргыз ишкерлери үчүн Европа тарапка же жаңы рынокко чыгуу көнүмүш эмес.
“Анткени биздин ишкерлер алыска чыкпай, Казакстан жана Орусияга экспорттоп көнүп калган. Ал эми Европанын базары абдан кызыктуу. Бирок, Европага биздин тастыктама жарабай, өзүнүкүн талап кылышы ыктымал. Андыктан, кээ бир сертификаттарды алуу 20 миң доллардан ашышы мүмкүн», — дейт У. Кадырбаев.
Балдын бажы төлөмү 17% болчу, эми нөлгө түшкөнүн кошумчалады.
“Легпром” жеңил өнөр жай ассоциацисынын директору Фархад Төлөгөновдун айтуусунда, Кыргызстанга Европага чыгуу үчүн логистика жетишпей турат.
“Биздин кийимдер көбүнчө Орусияга экспорттолот. Бул биз билген тааныш жолдор, анын үстүнө жакын. Ал эми Европага жетүү үчүн канчалаган бажы биримдигине кирген, кирбеген өлкөлөрдү басып өтүүгө туура келет. Орусиядагы девальвация биздин тармактагы көп ишканалардын ишин токтотуп койду эле. Эми кайра жанданууга жол ачылып жатат. Экинчиден сапатка көңүл бурууга туура келгендиктен, кийимдерди сапаттуу чыгарганга үйрөнөбүз”, – деп оюн билдирди.