Салык кызматынын Бишкектеги Октябрь району боюнча башкармалыгында иштеп жаткан “Бирдиктүү терезеге” эл аралык талаптарга ылайык келген, калкка кызмат көрсөтүү боюнча кошумча дагы 10 терезе ачылды.

Мекеме билдиргендей, жаңы тейлөө борбор “Аю гранд Комфортто” да иштеп баштады.

Соода комплексиндеги тейлөө борбору бир гана соода үйүндө иштеген ишкерлерди эмес, ага жанаша турган райондорду да тейлейт.

“Бирдиктүү терезенин” жана тейлөө борборунун кызматкерлери көрсөтүүчү кызматтардын ичине — отчётторду, эсептерди, декларацияларды кабыл алуу, ишкерлерди жана ККМди каттоо, патенттерди, ар кандай маалымкаттарды, анын ичинде маалыматтарды берүүлөр кирет.

“Биридиктүү терезелер” жана Тейлөө борборлор салыктарды чогултуу, эсепке алуу жана отчётуулук боюнча салык төлөөчүлөрдүн иштеринин натыйжалуулугун жогорулатат, салык кызматкери менен салыкчынын түз байланышын максималдуу түрдө кыскартат, ошондой эле калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртат”, -деп билдирет салык кызматы.