Быйыл спорт дүйнөсүндө коомчулуктун пикирин жараткан окуялар көп болду.
Кыргыз футболчуларынын Ирандан утулушу
Социалдык тармак колдонуучулары кызуу талкуулашты. Кээ бири жакшы тажрыйба болду десе, айрымдары «булар жылдыз болуп кетиптир, андан көрө «Алай» командасын жибериш керек болчу» деген ойлорун айтышкан.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Азамат Байматов айтымында, атаандаш өтө күчтүү болгон. Буга чейин курама «Алай» командасы менен өткөргөн мелдеште 1:0 эсеп менен жеңиштен жетишкени белгилүү.
Допинг ызы-чуусу
Быйыл мельдоний тыюу салынган каражаттардын катарына кириши менен бир катар ызы-чуулар башталган. Себеби май айында дүйнө спортчулары допинг-тест тапшырып, анын негизинде кээ бир спортчулардын допинг колдонгондугу аныкталган. Алардын арасында белгилүү кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев да бар.
Орусиялык атактуу спортчулар мельдоний колдонгондугу үчүн мелдештен четтетилген. Алардын катарында теннисчи Мария Шарапова 2 жыл спорттон четтетилди.
Чыр жараткан промо-ролик
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тартылган промо-ролик социалдык тармактын колдонуучулары арасында сынга алынган.
Буга чейин Никита Тарасенко көчмөндөр оюндары үчүн тартылган роликке 600 миң сом сарпталганын өз баракчасына жазып чыккан. Ал видеого бир нече чет элдик роликтердин үзүндүсү кошулганын айтып, катчылыкты плагиат боюнча күнөөлөгөн.
Ал эми катчылыктын жетекчиси Нурдин Султамбаев аталган ролик расмий түрдө бекитиле электигин билдирген. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн февраль айында өткөн жыйынында презентация катары гана көрсөтүлгөндүгүн айткан.
Машыктыруучунун эрдиги
Кыргызстандык машыктыруучу, эмгек сиңирген спортчу Павел Федотов Валентина Шевченко менен Перудагы ресторанга кол салгандарга каршылык көрсөтүп, жарадар болгон.
Күбөлөр билдиргендей, Валентина Шевченко менен машыктыруучусу ресторандардын биринде тамактанып отурганда белгисиз беткапчан үч адам кирип, кассадан акча талап кылган. Ал жердеги акчаны алган соң, кылмышкерлер эс алып отургандардын акчасын, уюлдук телефондорун алып кетүүгө аракеттенген. Федотовдун жанында мыйзамдуу алып жүргөн ок атуучу куралы болгон. Машыктыруучу ошол куралды колдонгону айтылат.
Атышуудан бир кылмышкер каза болуп, экөө из жашырууга үлгүргөн. Ал эми Федотовдун ичине ок атылган. Мындан тышкары, ресторандагы эс алып отурган эки адам жарадар болгон.
Мас абалындагы спортчу
Атактуу спортчу 21-январга караган түнү милиция тарабынан кармалган. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Түмөнбаев «Lexus RX 330» унаасын эч кандай документи жок айдап келе жатканда токтотулган. Спортчу травматикалык тапанча менен жол инспекторлорун коркутуп, ошол маалда анын мас экенин экспертиза аныктаганы айтылат. Мындан соң Түмөнбаевге карата кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган.
Бирок өзү бул маалыматты танып, кармоо учурунда соо болгонун, инспекторлорду коркутпаганын, милициянын айткандары менен окуянын басымдуу бөлүгү чындыкка дал келбегендин айтып чыккан.