Депутат Максат Сабиров (“Республика-Ата Журт”) Көлдүн экологиясына кам көрүүгө чакырды.

Учурдагы талаптарга ылайык, суудан 50 метр алыстыкта курулуш жүргүзүүгө уруксат. Сабиров мурунку чакырылышта дагы бул аралык 300 метрге чейин көбөйтүү сунушун айтып, бирок колдоо тапкан эмес.

“Биз көлдү сактап калышыбыз керек. Анткени, бардык нерселер сууга түшөт, бирок бир дагы тамчы агып чыкпайт. Кирдин баары калат. Чычырканактар өсүп, табигый тазалагыч болуп турган эле, эми алар дагы жок. Мурунку чакырылышта бул мыйзам долбоорун көтөрүп чыккан маалда көлдө балыктын 9 түрү бар болчу, азыр 7 гана калды. V чакырылышта пансионаттары бар депутаттар иштегендиктен, колдоого ээ болгон эмес,” – деди эл өкүлү.

Депутат Кожобек Рыспаевдин (КСДП) пикиринде, 300 метр деген талап Ысык-Көлдүн экологиясын сактай албайт.

“Жакшы иштеген тазалоочу курулуштар болмоюнча эч нерсе өзгөрбөйт. Баш өлкөлөрдү карап көргүлөчү. Аларда суунун үстүнө деле кафе куруп коё беришет, бирок экологияга такыр зыян келтирбейт. Анткени, сууга бир тамчы кир дагы түшпөйт. Ошондуктан, тазалоочу курулуштар керек”, — деп белгиледи Рыспаев.