КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламент жана өкмөт экс-муфтий Чубак ажынын билдирүүсүнө эч кандай жооп кайтарбаганына нааразы.

Анын айтымында, эки күндөн бери жума күнү эки саат тыныгуу боюнча кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу болуп жатат.

“Бардыгыңар Чубак ажынын кайрылуу видеосун көрдүңөр. Бирок эч ким унчукпайт. Диний ишмерлер мамлекеттик органдардын ишине кийлигише алабы? Эмне үчүн депуттар бул мыйзамга каршы болду? Себеби алар өкмөттүн, УКМКнын, эмгек министринин ЖКнын чыгарган жыйынтыгына таянган”, — дейт эл өкүлү.

Чубак ажы жума күндөрү намазга кошумча бир саат тыныгуу бөлүп берүү демилгесине каршы чыккан депутат Жанар Акаев боюнча өз оюн айткан.

Бөлүшүү