Казакстандын бул шаарында террористтерге каршы операция жүргүзүлүүдө. Багынып берүү сунушуна согушкерлер ок атуу менен жооп беришти.
Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррористтик борбору операция жүргүзүүдө шаар тургундарынын коопсуздугу камсыз болгонун билдирди.
Nur.kz жазгандай, атышып жаткан террористтер — 5-июнда орун алган окуяларга тиешеси бар адамдар. Бул күнү террористтер эки курал саткан дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө кол салган. Алардын колунан 19 адам мерт кетти. Террористтердин арасынан 13 киши өлтүрүлүп, дагы жетөө издөөгө жарыяланган.