Бүгүнкү күндө текстиль жана кийим тигүү өнөр жайы Кыргызстан үчүн жогорку экспорттук потенциалы бар артыкчылыктуу тармак бойдон калууда.

“Кыргызстанда жасалган” деген белгиси бар товарлардын 90%дан ашыгы Орусияга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө экспорттолот жана кийим тигүү продукциясынын сапаттуу экендигинин кепилдиги болуп саналат. Өлкөбүздө миңдеген жаңы ишканалар пайда болду, 150 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү”, — деди президент.

Ал акыркы жылдары кийим тигүү тармагы экономикалык кризистин айынан кыйынчылыктарга туш болуп, өндүрүштүн көлөмү азайып кеткендигин кошумчалады.

“Кыргызстандын таланттуу дизайнерлер иштеп чыккан, сапаттуу кездемеден тигилген продукция Орусиянын жана Казакстандын ири шаарларына чейин жетип, дүкөндөрдүн текчелеринде татыктуу орунду ээлеп, алардын шарттарына да туура келет”, — дейт Атамбаев.