Азырынча бул рейс — Кыргызстанды Түштүк Урал аймагы менен байланыштырган жалгыз каттам.
Челябинск-Бишкек каттамы туруктуу болот деп жарыяланды. Алгачкы рейс 8-июнда жасалды.
Экономика министрлиги каттамдын жандандырылышы эки аймактын кызматташтыгын күчөтөт деп белгилейт. Мекеме жетекчисинин орун басары Алмаз Сазбаковдун айтымында, Кыргызстан Челябинск облусу менен өнөр жай жана айыл чарба, ошондой эле, туризм багытында кызматташууга кызыкдар.