2015-жылга карата орточо эсеп менен алганда акчасын депозитте кармагандардын арасында Бишкек тургундарынын аманаттары эң көп болду – 40 миң сом, ал эми Нарын облусунун жашоочулары депозитте эң аз сумма кармашат – 5 миң сом.
Жалпы өлкө боюнча аманаттардын орточо суммасы 27,4 миң сомду түздү.
2015-жылдын аягына карата кыргызстандыктар банктарда 102 млрд 877 млн сом сактап турган.
Жеке адамдар улуттук валютада сактаган депозит 15 млрд 860 млн сомду түзгөн. Ал эми чет өлкөлүк акча бирдиктериндеги депозиттерди сомго которгондо 30 млрд 890 млн сомго жеткен.
Юридикалык жактар кармаган аманат улуттук валюта менен 19 млрд 109 млн сомду, ал эми чет өлкөлүк валюталарда 30 млрд 224 млн сомду түзгөн.
2015-жылы Кыргызстанда иштеп жаткан 24 коммерциялык банктын кардарлары эки миллион кишиден ашкан. Алардын 92% жеке жактардын депозиттери түзөт.