Бул тууралуу “Ростех” мамлекеттик корпорациясынын директору Сергей Чемезов “ЦИПР” сайтына билдирген.

Ал Сирияга “электрондук өкмөт” системасын түзүп бере турганын айтып, Кыргызстан менен да корпорацияга караган “Росинформэкспорт” ишканасы меморандумга кол койгонун кошумчалаган.

Транспорт жана коммуникация министрлиги кол коюлган меморандумдун үлгүсүн сунуштады.

Анда, 6-июндагы КМШ мамлекеттеринин жыйынында КРдин Транспорт жана коммуникация министрлиги менен Орусиянын Байланыш жана массалык коммуникация министрлиги эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшкан деп жазылган.

Меморандумда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн электрондук кызматтар кошулат деп айтылган. Баптарга бөлүнүп көрсөтүлүп, анда “электрондук өкмөттү” киргизүү  жана колдонуу сунушу камтылган.

Күчүнө 5 жылдын аралыгында кириши керек жана эл аралык келишим болуп эсептелбегендиктен, эл аралык укуктар жөндөй турган укук жана милдеттерге негизделген эмес деп жазылган.

“Электрондук өкмөт” —  жарандар менен бийликти, өкмөт органдарын, мамлекеттик кызматкерлерди электрондук түрдө байланыштырат. Башкача айтканда, аталган мамлекеттик структуралар онлайн түрүндө кызмат көрсөтөт.

Мамлекет менен калк, бизнес чөйрөсү, бийлик бутактары, мамлекеттик кызматкерлер, уюмдар өз ара байланышта болушат.