Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бүгүн кызматка келген 100 күн ичинде аткарган иштери тууралуу маалымат жыйын өткөрүүдө.

«Биринчи жолдорду оңдоо керек. Анткени троллейбустар жаңы конуштарга бара албайт. Алдыда жол тыгынын азайтуу боюнча иш жүрүп жатат. Жолдорду оңдоп, параллелдүү магистраль курабыз. Жылдын аягына чейин жаңы троллейбустарды алып келебиз. Кытайдан келген газ менен жүрүүчү автобустарды анализдеп көрүп, жаңы автобустардын келиши күтүлүүдө”, — дейт мэр.

Албек Ибраимов 27-февралда Бишкектин жаңы мэри болуп шайланган.

Бөлүшүү