Көчөнүн жээгиндеги соода жайлары башка жакка көчүрүлөт.
Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун айтымында, алар төлөмдөрдөн качып, базардын ичине кирип соода кылбай жатат.
“Аларды милициялар менен кубалап бул маселени чече албай экенбиз. Ошол базардын ичине төлөмдөрү арзан болгон шарт түзүп жатабыз. Бул көйгөй чечилет”, — дейт мэр.
Ибраимовдун мэр болгонуна 100 күн болуп, бүгүнкү күнгө чейин аткарылган жана алдыдагы иштери тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.