2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык араздашуу дал ушул күнү, 10-июнда, түндөсү башталган. Бир жумадай созулган жаңжалдан кийин бүгүн 6 жылдын жүзү толду. Бул окуянын чыгышынын себептери эмне эле? Кандай кесепеттери болду?

Коогалаңдын себептери

Окуянын тамыры тереңде эле. Айрым маалыматтарга караганда, алгачкы араздашуу 1956-жылы чыккан. Бирок ал документтер эч бир жерде сакталып калган эмес. 1967-жылы эки элдин ортосунда уруш болуп өткөн. 1990-жылы Ош, Өзгөн шаарларында жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен дагы бир кыргыз-өзбек урушу орун алган. Бирок мамлекет тараптан бул окуяларга саясий баа берилбей, алдын алуу, жоюу иштери жүргөн эмес.

1990-жылы жакындарын жоготкон өзбектин айрым сепаратистери кек сактап, өч алууга даярдык көрүп жүрүшкөн. Акаевдик жана Бакиевдик бийлик сепаратистердин кадамдарына чара көргөн эмес. Өзбек лидерлери парламенттик шайлоолордо бөлүнгөн аймактарынан акчага добуштарды сатып алып, Жогорку Кеңешке депутат болушуп, өзбек тилинде гана маселени көтөрүп келишчү.

2007-жылы июнь айында Жалал-Абад шаарында өзбек тилине мамлекеттик тил макамын берүү талабы менен Кадыржан Батыров бир нече өзбектерди топтоп алып, облустук администрациянын алдына чыгышат. Бирок депутат кесиптештери тарабынан сынга алынып, четке кагылган. Аларды планы боюнча тилге макам алса, кийин автономия алуу талабын көтөрүшмөк.

Өзбек этносуна көп мүмкүнчүлүктөр түзүлүп берилген

Ош шаарында Кыргыз-Өзбек университети, Жалал-Абад шаарында К. Батыровдун өзбек университети, өлкө боюнча 133 өзбек орто мектеби бар болчу. Бир нече теле канал, радио, газеталары тынбай өзбек тилинде чыгып келген.  Андан тышкары өзбек элинин маданий борборлору, театры бар эле. Мамлекеттик кызматтарда дарыгер, мугалимден тарта Жогорку Кеңеш, министирликтер, президенттик апаратта иштеп келишкен. Бул далилдер этностук дискриминация болбогонун айгинелеп турат.

2010-жылдагы апрель окуялары өзбек сепаратистеринин өзүнчө автономия алуу дымактарын жараткан. Бир ууч чагымчылардын ишенимине кирген бүтүндөй өзбек калкы ишенип, өз алдынча болуу мүдөөлөрүн күчөткөн. Ал эми жогорудагы айткан өзбек тилдүү ММКлар май айынан баштап К. Батыров, А.Сабиров , И.Абдурасулов, К.  Абдуллаева, Ж.Салахуддинов, Х.Кудайбердиев сыяктуу сепаратистердин автономия алуу керек деген сөздөрүн байма-бай чагылдырып туруп алган. Бирок аларга карата убактылуу өкмөт эч кандай чара көргөн эмес.

Элдин арасында кыргыз-өзбек урушу болот экен деген күбүр-шыбыр бир ай бою жүргөн. Кыргызстандын теле каналдары эки элди бириктирген жарнамалык көрсөтүүлөрдү берип, элди урушпоого үндөгөн берүүлөрдү чыгара баштаган.

10-июнь күнү кечинде Ош шаарында өзбек жаштары чогулуп, колуна темир, арматура, жыгач кармаган жаштар Ош Мамлекеттик университетинин жата канасына кирип бир нече кызды зордуктап, балдарды сабап кетишкен. Ошентип бул окуя бүтүндөй өлкөнүн түштүк аймагын кучагына алган.

Кесепеттери:

Бир жумадан ашун созулган кан төгүүдө Ош, Жалал-Абад шаарлары таанылгыс болуп талкаланды. Үйлөр, дүкөндөр, соода-борборлор, ресторандар өрттөлүп, тонолуп кеткен. Миңдеген ишкерлер жабыр тарткан. Жалпы эки тараптан 442 адам курман болгон. Бир нече тартип сактоо органдары мыкаачылардын колунан каза тапкан. 2000 миңден ашуун адам жаракат алган.

Ош жана Жалал-Абад шаарын калыбына келтирүү, жакындарын жоготкон ар бир үй-бүлөгө 1 млн сомдон жардам, жаракат алгандарга, ишкерчилигинен жабыр тарткандарга берилген жалпы жардам 14 млрд сомдон ашкан.

Бул окуяга карата 6 миңге жакын кылмыш иши ачылып, 600гө жакын адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 400дөн ашуун адам түрмөгө отургузулган. Сепаратистер өлкөдөн чыгып кеткендиктен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бул окуяны улуттук, коомдук, парламенттик, эл аралык комиссиялар,  иликтөөгө алган. Бирок ар бир комиссиянын жыйынтыгы ар башка болуп чыкты. Эл аралык комиссиянын жыйынтыгы кыргыз тарапты күнөөлүү деп тапкан.

Базар-Коргон районунда урушка үндөп, милицияны өлтүрүүгө буйрук берген деген айып менен, укук коргоочу деп аталып жүргөн Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган. Өткөн жылы АКШ Аскаровго укук когоо боюнча сыйлык тапшырган. Бул мамлекеттин чечимин сыйлабагандыгы үчүн Кыргызстан АКШ менен 1993-жылы түзүлгөн достук келишимди бузган.

Ош жана Жалал-Абад шаарларына көп кабаттуу үйлөр салынганы менен анын айланасындагы ызуу-чуулар бүтпөй келет. Жыйынтыктап айтканда тынч жаткан карапайым калк журт бузарларга алданып калганын түшүндү. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек эли жаңжалда кайтыш болгондорго куран окутуп, бир дасторкондо эскерип келишет. Дагы 10, 20 жылдан кийин кайра бул окуя кайталанбашы үчүн учурда этностор аралык байланыштар боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп иштеп келет.