Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаевдин талашы жаңы тепкичке чыкты. Муфтияттын билдирүүсүнө утурлай өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дагы өз оюн айтты.

Ал бүгүн Жанар Акаевди, муфтий Максат ажы Токтомушевди, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду, журналист Алия Суранованы жана серепчи Нурлан Исмаиловду кабыл алып, түзүлгөн “кырдаал” боюнча сүйлөштү.

Өз сөзүндө Атамбаев Кыргызстан светтик өлкө деген конституциялык принципти бузууга жол берилбеши керектигин айтты.

“Мусулмандар башка конфессиялардын өкүлдөрүндөй эле өз динин эркин тутуна алышат. Жума намазга барууга тоскоолдук жаратып жатат деген бир дагы учур каттала элек. Ошону менен бирге, ишканалар өз кызматкерлери диний ырым-жырымдарын жасап алышы үчүн мындай маселелерди өз алдынча чечиши керек”, — деди президент.

Атамбаев белгилегендей, бардык нерсенин өз чеги болуш керек. “Мындай билдирүүлөр түз эле ИГИЛге алып барат”, — дейт президент.