Бишкекте 1916-жылдагы окуяларга арналган мемориалдык комплекс, эстелик, музей куруу керекпи же зарылдыгы жокпу деген аталышта тегерек стол болуп өттү.
Жыйынга катышкан тарыхчы, коомдук ишмер Элери Битикчи Бишкектеги Фрунзе музейинен 1916-жылга арналган бөлүм ачыш керек деп эсептейт.
«Бишкекте бир да үркүнгө арналган музей жок болгондуктан, жок дегенде Фрунзе музейинин бир бөлүгүнө бериш керек. Кытайлар 3 үркүн деп аташат экен. 1916-жыл, 1917-20-жылдар, 1930-жылдар. Фрунзенин доору да ошол убакыттарга туш келет. Ошондуктан, биз бир мезгилди чагылдырган окуялар бир болсун деп жатабыз. Ал эми Түштүк Дарбазадагы бөлүнүп берилген парк 2,7 гектар эле, азыр мэрия жарялаган конкурс боюнча 15 сотых жерге курулат экен. Болжолдуу 150 миң киши өлсө, ар бирине 10 см жер тийип калат экен», — дейт ал.
Тарыхчы Кыяз Молдокасымов Бишкек маданий, илимий шаар болгондуктан, атайын музей курулуш болуш керек деп эсептейт.
«Азыр көптөгөн тарыхый жерлер бизнес үчүн басылып алынган. Фрунзе музейинин директору да айтууда, эгер ачсак өзүн актабай калат, анткени экспонаттар аз. Боомго да куруу демилгеси чыккан, бирок ал да токтоп калды. Ошондуктан, Бишкеке эле эмес, Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегине да куруш керек. Ал жерде түндүк тарапта кыргыздар ойлоно электе 12 миң кыргыз чогулуп жыйын өткөрүшкөн. Бишкекте Эркин-Тоо гезитинин редакциясы бизнес үчүн берилип кетти, балким ошол жерди алып, 1916-жыл үчүн музейге берсе болот», — деген оюн айтты.
Ал эми былтыр жай айында мемориалдык комплексти «Ата-Бейитте» куруу жарлыгы чыккан эле.
«Ата Бейит» мемориалдык комплексинин директору Гүльнара Турсунбекова баарын эле бул жайда кура берүү да болбойт деп билдирди. Ал жерде ансыз да Сталиндик репрессиянын курмандыктары, 2010-жылдагы курмандыктар, Чыңгыз Айтматовдун да мүрзөсү, музейи бар. Анан эми 1916-жылдагыны да ал жерге куруу туура болбойт, өзүнчө чоң жер бөлүп берип курса жеткликтүү болмок, бирок азыр курулуш иштери башталган дейт.
Музейлик демилгелер борборунун жетекчиси Аида Алымова музей курганы менен ага экспонаттар жок болсо, эл келбейт деп белгилдеи. Ал эми жаш активист Дастан Разак уулунун пикиринде, кыргыз элинин тарыхындагы эң көп кыргыз кырылган окуяны элдер билип жүрүш үчүн Ата Бейитке да, Бишкек шаарына да музей куруш керек.