Статистикалык комитеттин кезектеги жыйында 2015-жылындагы жакырчылыктын деңгээли, туризм ишмердүүлүгү жана өлкөдө байкалган башка социалдык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы чыгарылды.

2015-жылы жакырчылыктын деңгээли жалпы республика боюнча 32,1%ды түзгөн. Айыл жерлериндеги жакырчылыктын деңгээли 1 пайызга, шаарларда 2,4%га жеткен.

Ал эми керектөө баалары жана тарифтер жыл башынан бери 1,8%га арзандады. Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар 5,2%га төмөндөгөн.