Бүгүн улуттук илимдер академиясында жазуучу, ойчул Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү.

УИАнын вице-президенти Алтай Бөрүбаев жазуучунун улуу ойчулдугу, элинин эле эмес адамзаттын жан дүйнөсүндө боло турган терс көрүнүштөрдү көрө билүү, аны жазгандыгын айтуу менен анын элчи жана мамлекеттик ишмердигине баа бергендер жок болууда деген оюн билдирди.

Президенттик аппараттын өкүлү Заирбек Эргешов болсо өнүгүү жолду Япониядан, Швейцариядан же болбосо Араб өлкөлөрдөн издегенди токтотуу керек экенин айтты.

“Өзүбүздүн тарыхыбызга, маданиятыбызга тилибизге басым койбосок, үңүлө изилдебесек, анда биздин өнүгүү бүдөмүк жана туман бойдон калат. Биздин түпкүрүбүз, негизги багытыбыз – кыргыздын тарыхы, маданияты жана рухий дөөлөтү”,  – деди ал.

Тегерек столдо Чыңгыз Айтматовго жана анын чыгармаларына арналган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Бул иш-чаранын алкагында саат 14:00дө катышуучулар Ата-Бейитке барышып, гүл коюшуп, жазуучуну эскеришти.

Айтматов 2008-жылы 10-июнда каза болгон.