Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук ID карталардын долбоорун көрсөттү.
Мекеме башчысынын орун басары Дастан Догоев депутаттарга айтып бергендей, документтин алдыңкы бетинде адамдын аты-жөнү, туулган күнү, жынысы, документтин номуру, анын жарактуу мөөнөтү жазылып, колу коюлат.
Арткы бетинде туулган жери, ПИН коду, картаны берген орган, штрих ПИН коду, документтин штрих коду жана чип болот. ID картага жарандын улуту жана жашаган дареги кошулбайт. Ал электрондук форматта гана жазылат.
Паспортко адамдын улутун жазбоо маселеси өлкөдө бир нече жолу көтөрүлгөн. «Улуту» деген сапты алып салуу сунушун президент Алмазбек Атамбаев дагы колдогонун айтып келген.