Ички дүң өнүмдүн төмөндөшүнө транспорт жана өнөр жай көлөмүнүн азайып кетиши таасир этти.
Статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь-майында өлкөнүн ички дүң өнүмү алдын-ала баалоо боюнча 139 млрд сомдон көбүн түзүп, 2015-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 4%га төмөндөп кетти.
«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ички дүң өнүмүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 0,5%га көбөйүп, 130 млрд сомдон көп болгон.
2016-жылдын бюджетин кабыл алууда өкмөт жылдын жыйынтыгы менен экономиканын өсүшү 5,2%ды түзөт деп божомолдогон.