Президент орус элин жана Владимир Путинди 12-июнда майрамдалчу Орусия күнү менен куттуктады. Ал үчүн Атамбаев атайын телеграмма жиберген:

«Бүгүн Орусия Федерациясы өнүккөн демократиялык мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратат. Орусиянын эл аралык бедели күн сайын өсүү үстүндө.

Биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-орусиялык стратегиялык өнөктөштүк биздин өлкөлөр менен элдердин жакшылыгы үчүн мындан ары да чыӊдала берет деп ишенем.

Урматтуу Владимир Владимирович, Сизге алдыдагы пландарыңыздын ийгиликтүү ишке аша беришин, ал эми бүткүл Орусия элине бакыт-таалай, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм».

Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү