Улуттук статистикалык комитет 2015-жылдагы маданий иш-чаралардын жана мекемелердин жыйынтыгын чыгарган.

2015-жылдын январь айына карата 20 профессионалдык театр, 63 музей жана 38 маданият жана эс алуу парктары иштеп турган.

8 театр Бишкек шаарында, 3 Жалаб-Абад облусунда, 3 Ош, 2 Нарын облусунда жайгашкан. Театр ишмерлери тарабынан 1,4 миң спектакль коюлуп, оюндарга 153 миң көрүүчү күбө болгон.

Ал эми музейлердин көпчүлүк бөлүгүнө мемориалдык, тарыхый жана аймактарды таануучу жайлары туура келет. Өткөн жылы музейлерге 700 миңден ашуун адам жана уюшулган экскурсиялардын эсебинен 334 миң адам келген.

 

Бөлүшүү