Кыргызстанда 15-17-июнга чейин жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот.
16-17-июнда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында 21…26°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 14…19°, бийик тоолуу райондордо 2°сууктан 3° жылуулукка чейин болот.