АКШнын Флорида штатындагы Орландо шаарында бир жаран 12-июнда куткаруучу кызматына чалып, «Ислам мамлекети» террордук тобуна жан тарта турганын жана ага ант бергенин билдирип, кумсалардын клубуна кирип туш келди атып баштаган.
washingtonpost.com жазгандай бул терактта 50 адам курман болуп, 53 киши жаракат алган. Ал эми бул кылмышка шектүү деп Омар Матин белгилүү болду. Полицияга ИШИМдин адамы экенин чалып айткан Омар 30 кишини барыматага алган. 10 чакты милиция менен 3 саат атышуудан кийин Омар каза тапкан.
АКШ президенти бул ИШИМдин адамдары жасаган теракт деп атады. Окуя түндө таңга карганда болду. Орландо полицияларынын маалыматына караганда, бул 29 жаштагы Омар Матин, бир жума мурда мыйзамдуу жол менен алган АР-15 түрүндөгү автомат менен Пулсе аттуу түнкү клубга кирип барган. Ал мезгилде клубда 300гө жакын адам отуруп, анын жарымы күзөтчүлөр болгодуктан алар менен чатакташып анан качып кеткен. ИШИМдин басма сөз катчысы Абу Мухаммед Аль-Адани өткөн айда дүйнөдөгү бардык мусулмандар Рамазан айында батышка теракттарды жасайт деп билдирген. Бирок Омар жалгыз ишке ашырдыбы же башкалар жардам бердиби азырынча белгисиз.
Омар Метин 1980-жылдары АКШга көчүп келип Нью-Йоркто жашап калган оогандык үй-бүлөдө туулган. 2007-жылдан бери Омар Флоридада G4S аттуу күзөт кызматында иштеген. Ал эми Омардын атасы Америка маалымат каражаттарына берген маалыматында бул теракт мусулманчылык үчүн эмес, кумсаларга болгон жек көрүүсүнөн улам болгонун билдирди. Уулу анча деле динчил эмес экенин белгилеген атасы, бир жолу Омар Флоридада үй-бүлөсү, балдарынын көзүнчө эки эркек өбүшүп киргенде аябай анын кыжыры келгенин айтты. Бирок изилдөөлөр боюнча Омар интернет тармактарында ИШИМге жан тартарын жазып, анын адамдары менен байланышып келген.