Алар Арсен Эралиев жана Жанарбек Кенжеев.

Бул тууралуу спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов ЖКнын социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Кыргызстан допингге каршы конвенцияга кол койгон. Биз ошол келишимди сакташыбыз керек. Биздин эки спортчубуздун канынан допинг чыккан», — дейт Аманкулов.

Бирок Эралиевдики жыйында жүргөндө ал эми Кенжеевдики  Астанадагы мелдештен кийин канында мельдоний болгондугу аныкталган.

Кийинчирээк Кенжеев жолдомодон кол жууп, Индиялык балбанга  лицензиясын өткөрүп берген.

Арсен Эралиев өз жолдомосун 2015-жылы АКШдан алган.

«Эралиевге допинг чуусунун коркунучу жок. Бул мурун болгон окуя. Лицензияга кедергисин тийгизбейт»,- деп белгиледи спорт агенттигинин басма сөз катчысы Кабыл Макешов.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү