«Биз бизнесмендер өлкөнү өзгөртө алабыз» деген ураан менен студенттер арасында Enactus-2016 иш-чара өттү. 

Алар долбоорлорун калыстардын сынына тартуулашты.

Айтылган бизнес-ойлор кыргызстандыктардын жашоосун оң нукка бурууну көздөп жатты.

Ош мамлекеттик университеттинин студенттери Ош шаарынын жумушсуз аялдарын «шам-шум» долбоорунун алкагында туруктуу киреше менен камсыздашкан. 50 сомго студенттер, окуучулар даамдуу тамак менен түштөнсө, аялдар болсо бизнестерин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен келген топ тоодо жүргөн чабандардын батасын алышты. Себеби алар ойлоп тапкан күн меши электр жарыгы жокто күн нурлары менен тамак бышырып, чай кайнатууга болот.

Ал эми Кыргыз улуттук университетинин студенттери азиз инсандарга керектүү таякчаларды Кыргызстанда жасап, арзан баада сатып келүүдө. Буга чейин алар чет мамлекеттерде жасалып, бир топ кымбат болуп келген.

Эми, азиз инсандар тобу менен биргеликте ишке ашкан бул долбоор жетим балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылат. Алар ушундай таякчаларды жасап, акча табышат.

Мелдештин жыйынтыгында ОшМУ командасы биринчиликти жеңип Кыргызстандын намысын Канададагы Торонто шаарында коргойт.

 

Бөлүшүү