Saat.kgнин Алымбек Каныбек уулу аттуу окурманы Өзгөн архитектуралык комплексинин кейиштүү абалда турганын билдирип, сүрөттөрүн тартып жөнөткөн.
Быйылкы жылы жамгырдын көп жаашы мавзолейдин дубалдарынан өтүп, кыштары эзилип уроо абалына алып келди.
Архитектуралык комплекстин айланасындагы чөптөр чабылбай, тазалоо иштери жүргүзүлбөй начар абалдагы көрүнүшкө айланган.
Мунаранын дубалдарына жамгыр өтө берип, агарып кеткен. Айрым жерлеринде кирпич жана кыштар түшө баштаган.
Ичине от жагып, дубалдар түтүндүн ышына карайып кеткен.
«Дубалдарга жазганга болбойт» деген жарыяга карабай, жаштар келип ар кандай маанисиз сөздөрдү жазып жана таштандыларды таштап кетишет.