Маркум А.Шарипов 11-июнда 53 жашында каза болду.
Саламаттыкты сактоо министирлигикабарлагандай дагы бирөөнүн абалы оор.
Экөө оорукананын бөлүмүндө жатат.
6-июнда Бишкекте Фучик 47/1 дарегинде жарылуу болгон. Ал жерде газ ташыган унааларды оңдоп жатышкан.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, бир машинеден экинчисине газ куюуда коопсуздук чаралары сакталбай, ширетүүчү жабдыктар туура эмес колдонулганы жарылууга алып келген.
Жалпы 10 адам жабыркаган.
Буга чейин 4 адам каза болгон.