Ал жума күнү дүйнөдөн кайткан.
Бул тууралуу K−Newsга башкы дарыгер Алмаз Кубатбеков билдирди.
Маалымат боюнча, дагы эки бейтаптын абалы оор.
6-июнда Бишкекте Фучик 47/1 дарегинде жарылуу болгон. Ал жерде газ ташыган унааларды оңдоп жатышкан.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, бир машинеден экинчисине газ куюуда коопсуздук чаралары сакталбай, ширетүүчү жабдыктар туура эмес колдонулганы жарылууга алып келген.
Жалпы 10 адам жабыркаган.