Ал жума күнү дүйнөдөн кайткан.

Бул тууралуу K−Newsга башкы дарыгер Алмаз Кубатбеков билдирди.

Маалымат боюнча, дагы эки бейтаптын абалы оор.

6-июнда Бишкекте Фучик 47/1 дарегинде жарылуу болгон. Ал жерде газ ташыган унааларды оңдоп жатышкан.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, бир машинеден экинчисине газ куюуда коопсуздук чаралары сакталбай, ширетүүчү жабдыктар туура эмес колдонулганы жарылууга алып келген.

Жалпы 10 адам жабыркаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү