Азиздер жана дүлөйлөр коомунун бир нече мүчөлөрү нааразычылыгын айтып, бийлик бутактарына кайрылып келет.
Коомдун жетекчиси Калык Мамбетакунов майыптарга курулган батирлерди туура эмес бөлүштүргөнүнө нааразы.
Алардын айтымында, коомдун жетекчиси өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, майыптарга өкмөт тарабынан курулган үйлөрдү ден соолугу чың туугандарына бөлүштүрүп жиберген.
Нааразы болгон тарап былтыркы жылдан тарта чырдап келет.
Ал эми Калык Мамбетакунов болсо өзүнүн дарегине айтылган сөздү төгүндөдү. 2015-жылы 90 батир салынган болсо, анын 89 майыптар алып, бирөө гана каарыган коомго тиешелүү ишкананын кароолчу айымына берилген.
«Мен төрага катары буга бергиле, тигиге бергиле деп айта албайм. Профсоюздун чечимин гана ырастайм. Үйлөр аз, алуучулар көп, баары эле кезекте турушат», — деди ал.
Анын маалыматы боюнча бул башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгы.
Бүгүн КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев маалымат жыйын өткөрүп, атайын жумушчу топ түзүлгөнүн айтты.
Эл өкүлүнүн айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бөлүнгөн 225 батирдин ичинен 10-15и тиешеси жок чоочун адамдарга берилип кеткен.
«Ошондон улам, батирлердин бөлүнүү фактысын ар тараптуу иликтөө максатында, жумушчу топ түзүлдү. Бир ай аралыгында текшерүү жыйынтыгы чыгарылат», — дейт ал.