2016-жылдын январь-май айларында ички дүң өнүм (ИДӨ) 139,8 млрд сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда экономика 4%га төмөндөдү.

Экономика министрлиги 5 айдын ичиндеги экономикалык өсүш боюнча маалымат жарыялап, ИДӨнүн төмөндөшүнүн негизги себептерин атады. Мекеменин билдиришинче, буга Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген мамлекеттерде мунай арзан болуп, өсүштүн жок болушу чоң таасирин тийгизип жатат. Анткени, уюмга мүчө өлкөлөр – Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү.

Ошол эле убакта, Кумтөрдөгү өндүрүштү эсепке албаганда 5 айда ИДӨ 0,5%га өстү.

Тармактарды бөлүп, өзүнчө алганда айыл чарбасындагы өсүш 1,7%ды түздү, тейлөө тармагы 2%га жогоруласа, курулуш 1,7%га өстү. Ал эми өнөр жай тармагынын көлөмү 23,6%га төмөндөп кетти.

2016-жылдын бюджетин кабыл алууда өкмөт жылдын жыйынтыгы менен экономиканын өсүшү 5,2%ды түзөт деп божомолдогон.