Биз айлыкты суммасы менен эсептеп көнүп калганбыз. Былтыр 10 миң сом алып, быйыл 12 миңге чейин көтөрүлсө, маянам өстү деп кубанып калабыз. Өкмөт болсо орточо айлык 20%га көтөрүлдү деп сыймыктанып жар салат. Шарттуу түрдө алганда. Бирок эмгек акы көбөйсө дагы мурунку акчага келген нерселерди гана ала алабыз. Эмнеге? Анткени, айлыкты суммасы менен эмес, сатып алуу жөндөмү менен эсептөө керек.

Экономикада номиналдык жана реалдуу маяна деген эки түшүнүк бар. Биринчиси — айлыктын суммасы. Эмгек акыңыз бир жылда 10 миң сомдон 15 миңге чейин көтөрүлсө, номиналдуу түрдө ал 50%га өсөт. Ал эми реалдуу маяна инфляцияны, башка айтканда, баалардын өсүшүн эсепке алат. Бир жылда инфляция 20%ды түзө турган болсо, реалдуу маянаңыз 30%га көбөйгөн болот.

Айлык менен инфляция бирдей пайызда жогоруласа, айырмасы жок болуп, реалдуу эмгек акы өспөгөн боюнча кала берет. Башкача айтканда, маяна жогорулаганы менен азык-түлүк жана башка керектөөлөрдүн баасы кымбаттап кете турган болсо, кайра эле ошончо чыгаша болот деген сөз.

Статкомитеттин маалыматы боюнча, номиналдык эмгек акы акыркы жылдары төмөндөгүдөй болгон:

  • 2010-жылы — 7 189 сом — мурунку жылга салыштырмалуу өсүшү 16,7%
  • 2011-жылы – 9 304 сом — 29,4%
  • 2012-жылы – 10 726 сом — 15,3%
  • 2013-жылы – 11 341 сом — 5,7%
  • 2014-жылы – 12 285 сом — 8,3%
  • 2015-жылы — 13 277 сом — 9,2%

2016-жылдын январь-апрель айларында орточо айлык 13 588 сомду түзгөн. Мурунку жылга салыштырмалуу 12,5%га өскөн.

Ал эми эмгек акынын инфляцияга (керектөө бааларынын индекси) карата реалдуу өсүшү:

  • 2010-жылы – 8%
  • 2011-жылы – 1%
  • 2012-жылы – 2,2%
  • 2013-жылы – -7,8%
  • 2014-жылы – 0,7%
  • 2015-жылы – 2,5%

Даана көрүнүп тургандай, айлыктын өсүшү кээде азайганынан кабар берет. 2013-жылы номиналдык маяна 5,7%га өскөнү менен сатып алуу жөндөмү 7,8%га азайып кеткен.

2011-2015-жылдардагы баалар

Акыркы беш жылдын ичинде (2010-жылга салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин деңгээли дээрлик 1,5 эсеге өскөн. Баарынан дагы азык-түлүктүк эмес товарлар кымбаттады — 54,2%. Алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы 64,2%га өскөн. Тамаш-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 41,7%, калкка көрсөтүлүүчү тейлөөлөр 41,7%га жогорулаган.