Президенттин аппараты билдиргендей, мындай чечимге Кумтөрдүн айланасындагы жаңы пайда болгон шарттар түрткү болду.

Алмазбек Атамбаев бул тапшырмасын башкы проркуратурага багыттады. Ал 2003-2004 жана 2009-жылдары түзүлгөн келишимдерди иликтөөнү тапшырды.

«Эмне үчүн Кыргызстандын сыймыгы жана эң ири инвестициялык долбоор боло турган Кумтөр эл ичинде эң чоң афёра, эки үй-бөлүнүн коррупциялык капчыгы жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына саткынчылык катары каралып калганын эл билиши керек», — деди президент.

Айтылып жаткан келишимдер Кыргызстан Centerra’га үлүшкер катарып кирип, компаниянын ичинде 33%дык акцияга макул болгонуна жана Кумтөрдү иштетүү мөөнөтүн узартууга байланыштуу.