Азыркы мезгилде дүйнөдөгү эң коркунучтуу маселелер — терроризм жана экстремизм. Бардык мамлекеттер, эл аралык уюмдар буларга каршы күрөшүп келет. Анда террорду кимдер уюштуруп жатат? Өз пикиримди айтып көрөйүн.

Азыркы учурда кайсыл гана эки өлкөнүн башчылары же өкмөт башчы, парламент, тышкы иштер министири же эл аралык уюмдар жолукпасын терроризм менен биргелишип күрөшүү жөнүндө талкулашат. Документтерге кол коюшат. Мислалы жакында эле Жапонияда өткөн Чоң жети уюмунун саммитинде кабыл алынган документтердин көпчүлүгү терроризм менен күрөшүү болду. Былтыр Түркияда өткөн «Чоң жыйырмалык уюмунун» саммитинде да терроризмди талкуулашты. ШКУ, НАТО, Евросоюз, Араб лигасы, АСЕАН, ОДКБ, КМШ уюмдары чогулганда сөзсүз терроризм, экстремизм менен күрөшүү тууралуу документке кол коюшуп, талкуунун негизи ал жөнүндө өтөт. Шанхай Кызматташтык уюмунун түзүлүшү да негизги үч маселени: экстремизм, сепаратизм, терроризмди менен күрөшүнү койот. Бирок таң калыштуусу, азыр экстремизм менен терроризм улам кулачын жайып бара жатат. Бардык мамлекеттер, эл аралдык уюмдар күрөшүп жатса кантип, кимдер тарабынан мынчалык күчөп жатат? Алар курал-жаракты, жардыргыч заттарды кайдан алып жатышат?

Жардыруулар Ооганстан, Пакистан аймактарында 30 жылдар бою тынбай болуп келет. Жакынкы беш жылдан бери теракттар Ирак, Сирия, Ливия, Палестина, Либан өлкөлөрүндө кучагына алды. Азыркы мезгилде күн сайын бул өлкөлөрдө террордук чабулдар болуп, ондоп, жүздөп адамдар өмүрлөрүнөн айрылып, шаарлар, айыл-кыштактар кыйрап турат. Бул өлкөнүн өкмөттөрү да тынбай терроризм менен күрөшүп, ага эл аралык жардамдар байма-бай берилип турат. Ал тургай держава өлкөлөр аскерлерин да киргизип күрөшүүдө. Дүйнөдөгү курал-жарагы эң күчтүү өлкөлөр терроризм токтобогон өлкөлөргө кирип күрөш жүргүзүп жатышса, аталган кедей өлкөлөрдө жардыргыч заттарды кайдан алып теракт жасап, кайдан курал-жарак алып күчтүү өлкөлөрдүн армиясы менен согушууда. Бул менимче атайын ошол держава өлкөлөрдүн ойлоп табылган саясаты, курал-жарак сыноонун талаасы болуп калгандай.

Террорду чагылдыруу

Эгер теракт Батыш өлкөлөрүндө же Кытай, Жапония, Корея, Австралия, АКШ, Франция, Белгия өңдүү өлкөлөрдө болсо, бүтүндөй дүйнөлүк маалымат каражаттары чагылдырып,  көңүл айтуулар, акциялар, эскерүүлөр толуп кетет. Бир эмес бир нече маалыматтарды изилдеп чыгып, ошол өлкөнүн желектерин интернеттеги социалдык тармактарга илип алышат. Мисалы, былтыркы Франциядагы болгон жардырууда бир канча өлкө жетекчилер аза күтүүгө чогулушкан. Ал эми мартта Бельгияда болгон аба майдандагы теракт да бир канча өлкө аза күтүүгө жарыялап, жардамдарын берип жатышты. Кече АКШда болгон кол салууну Париж Эйфель мунарасынын башына АКШ желегин илип алды. Бүт дүйнө кайгырып, көңүл айтуулар болуп жатат. Баардык маалымат булактары 10догон макалаларды жазышууда.

Күндө болуп келген Ирак, Сирия, Плестина, Либан, Ооганстан өңдүү өлкөлөрдө жардыруулар кадимки көрүнүш болуп калдыбы же алдарды жарыялаган маалымат каражаттары жетишсизби, айтор чагылдырылбай, маалымат чыкса эч бир адам тынчызданып да койбойт. Дүйнөлүк маалыматтар булактарында булар тууралуу болсо бир эки жолу, болбосо чыгарбай да коюшат. Чыгарса да бир тараптуу көрсөтүп, күнөөлүүнү башка жактан издешет. Ошондой күндө жардыруулардан улам аталган өлкөлөрдүн жарандары Батыш мамлекететрине демократияны эңсеп кетип калышкан. Ал эми ал жакта жардыртуу болсо, кедей өлкөдөн барган жарандарды күнөөлүү деп таап, башкаларына кысымды күчөтөт. Африкадагы өлкөлөрдөгү болуп жаткан, ачарчылык, талап-тоноо, адам өлтүрүү, жаңы оорулардын көбөйүшү да эч бир дүйнөлүк ММКлар аркылуу жарыяланбай, көшөгө  артында калып келет. XXI кылым демократиянын, гумандуулуктун кылымы дегени менен ал нерселер дүйнөнүн кайсыл бир бурчтарына жетпей келет.