Англия менен беттештен кийин орус командасынын күйөрмандары англиялыктарга кол салып, бир адам каза тапкан. Бул окуядан кийин UEFA кандай чара көрүүнү ойлонуп жаткан.
Бүгүн чечим кабыл алынып, Орусияга шарттуу дисквалификация салынды. Бул деген сөз, фанаттардын кылыгы кайталанса, орус командасы чемпионаттан биротоло четтетилет.
Мындан тышкары, Орусия футбол биримдигине 150 миң евро айып салынды.
Булак: slon.ru