Сүрөт жайгаштыруунун жаңы эрежелери июлдан тарта киргизиле баштайт. Facebook тыюу салынган деп эсептеген каалаган сүрөттөрдү өчүрө берет.

Мындан тышкары, iPhone’дон автоматтык түрдө жүктөлгөн альбомдор дагы өчүрүлө баштайт. iPhone ээлери 7-июлга чейин Moments колдонмосун жүктөп алышы керек болот. Антпесе, смартфондон соцтармакка жүктөлгөн сүрөттөр өчүрүлөт.

Moments колдонмосун Facebook өзү иштеп чыккан. Ал фотолорду профиль менен синхрондоштурууга жардам берет деп айтылат.

Сүрөттөрдү өчүрүү чечими боюнча Facebook өкүлдөрү түшүндүрмө беришкен. Алардын айтымында, Moments’ти колдонуу менен трафик көп кетпейт. Анткени, сүрөт сактоо процесси соцтармактан өзүнчө жүргүзүлөт. Бирок Facebook колдонуучуларынын арасынан буга нааразы болгондор жок эмес. Төрт жылдан бери алар видео жана фотолорун синхрондоштуруп келип, эч кандай кыйынчылыктарга туш болбогондугун айтышууда.

Булак: tengrinews.kz