Бүгүн суу ресурстары жана объектилерди көзөмөлдөө боюнча башкармалык Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы суу, каналдардын жээгине мыйзамсыз салынган курулштарды текшерүүгө алды. 

Бишкек шаарына караштуу түштүк чүй каналынын жээгине салынган унаа  жана килем жуугуч объектини текшерүүдө мыйзамсыз салынган деп табылды. Каналдан азыр суу жок болгону менен кышында же жамгырда мезгил-мезгили менен суу кой берилип турат. Бул жерден агып чыккан саркынды суулар каналды булгайт. Эң чоң мыйзам бузуу каналдын жээгине салынган ажаткана. Мыйзам боюнча баардык курулуштар 50 метр алыстыкта жайгашышы керек.

Сүрөт: saat.kg

Сүрөт: saat.kg

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg

Экинчи рейд Чүй облусуна караштуу Лебединовка айылындагы Чоң Чүй Каналынын жээгиндеги курулуш иштерине даярдалып жаткан жер тилкеси текшерилди. Суу кодекси боюнча бул жерге эмне курулула турган болсо да токтотуш керек. Себеби каналдын жээгинен 50 метр суу көзөмөлдөө башкармалыгына таандык болуп эсептелинет. Бирок айылдык жер боюнча бөлүмдүн башчысы бул жер кызыл китеби менен алынган жер деп билдирди.

Сүрөт: saat.kg

Сүрөт: saat.kg

Үчүнчү рейд Махатма Ганди көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишиндеги суу жээгине эбак курулуп иштеп жаткан кафе, сайрандоо борборлоруна болду. Улуу Кыргызстан чайканасы каналдан 5-10 метр узактыкта жайгашкан. Каналдын түштүк тарабындагы Алмаз сайрандоо борбору суунун үстүнө курулган. Мыйзам боюнча 70 метр аралыкта туруш керек. Каналды оңдоп-түзө иштеринде техникалардын тоскоолдуксуз иштеши үчүн бул курулуштар мыйзамсыз деп билдирди башкармалыктын кызматкери Жолдошев Шухрат. Ал эми борбордун ээси Бүбүайша эже 1997-жылы алгандыгын билдирип, баардыгы мыйзам чегинде болгонун, документтери бар экенин билдирди.

Сүрөт: saat.kg

Сүрөт: saat.kg

Сүрөт: saat.kg

Сүрөт: saat.kg

Сууну көзөмөлдөө боюнча башкармалык экономика министирлигинен текшерүүгө, иликтөөгө уруксат алып, аталган курулуштар ким тарабынан, качан, кайсыл мыйзам менен берилгенин текшерип, тиешелүү чараларды көрөбүз деп белгиледи.