Канн шаарынын жетекчилиги бейбаштык кылган 50 фанатты Франциядан депортациялоо чечимин кабыл алып, Ниццтен Лиллге бараткан автобусту кармады.

Полициянын автобустан чыккыла деген талабына фанаттар баш ийбей койду. Аларды чыгарыш үчүн куралдуу полиция тартылып келди. Бирок полиция аларды күчкө салып чыгарган жок. Фанаттарды депортациялоо үчүн атайын автобусту алып келишти.

Twitter’инде орус күйөрмандар бирикмесинин жетекчиси Александр Шпрыгин жазгандай, учурда полиция фанаттарды бирден алып кетүүдө.

Фанаттар «Локомотив», «Динамо», «Амкар», «Ростов», «Рубин», «Торпедо» жана «Крылья советов» клубдарынын атынан келген. Орусия менен Англия беттешкен күнү алар каршылаш көрүүчүлөргө кол салып, бир англис жараны каза болгонун маалымат каражаттары жазган.