Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эч бир кадрды алмаштырбай турганын билдирди.

“Бир гана Бишкек шаарынын ИИБ жана Ош облусунун ИИБ башчылары дайындалышы мүмкүн”, — деди ал.

Мындан тышкары, кыргыз милициясы мындан ары эл менен тыгыз иштей турганын айтты. Бүгүн Кашкар Жунушалиев министр болгондон кийинки биринчи маалымат жыйынын өткөрүүдө.