Өткөн жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимине ылайык Кыргызстандын эпизоотиялык абалы биримдиктин талаптарына жооп бере албайт деп табылган.

Ага карата аракеттер көрүлүп, ветеринардык лабораториялардын шартын жакшыртуу, жаңыларын куруу жана фитосанитария талабына жооп берүүчү сертификацияны иштеп чыгуу маселелери ишке ашырылышы керек эле.

Бүгүнкү өкмөттүн отурумунда Айыл чарба министрлиги, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ветеринардык лабораториялардын курулушу, оңдоп-түзөлүүсү, малды идентификациялоодогу аракеттери тууралуу отчётун берди.

Анын жүрүшүндө азыркы учурда Кара-Буура жана Түп райондорундагы лабороторияларынын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду. Кыскартылып, үнөмдөлгөндөн кийин ремонт иштерине, жабдууларга жана адистерди окутууга 26 млн сом керектелээрин айыл чарба министринин орун басары Турдуназир Бекбоев билдирди.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков лабораторияларга жана чек аралардагы өткөрүү пунктуларынын абалын жакшыртууга арналган иштерди ыкчам бүтүрүүнү буйруду.

Экономика министрлиги керектүү каражатты бөлүштүргөнүн белгилеп, “Убакыт аз калды. Толук ЕАЭБдин талабына жооп бергидей бололу. 12-августта Орусиянын Сочи шаарында өкмөттөр аралык жолугушуу болот. Анда Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлүн эквиваленттүү деп табуу, казак-кыргыз чегиндеги ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлүн алып салуу келишимине кол коюлат”, – деди.

“Картөшкөгө тыюу алынып салынды. Бирок дагы бир маселе бар. Ал сертификаттын жоктугу. Өткөрүү постторундагы 4 пунктунун абалы жакшыртуу керек. Бизнесмен-ишкерлер жана айдоочуларга оңой өтүүгө шарттарды түзүп берүү керек” – деп премьер-министр кошумчалады.