Экономика жана тынчтык институту түзгөн 2016-жылкы рейтингде 163 мамлекет каралып, Кыргызстан 124-орунга коюлду. Коңшу өлкөлөрдүн арасынан Казакстан 75-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң коопсуз өлкө деп табылды.
Рейтингге ылайык, Өзбекстан (109) жана Тажикстанда (122) Кыргызстанга караганда коопсуздук деңгээли жогору турат. Ал эми Орусия эң кооптуу 15 өлкөнүн катарына кошулду – 151-орун.
Эң коопсуз өлкөлөрдүн сап башына 2015-жылдагыдай эле быйыл да Исландия коюлду. Андан тышкары, эң коопсуз мамлекеттердин катарына Дания, Австрия, Жаңы Зеландия, Португалия, Чехия, Швейцария, Канада, Жапония жана Словения дагы кошулду. Күтүлгөндөй эле, эң кооптуу өлкө деп Сирия табылды. Рейтингдин эң төмөнкү катарларында Ооганстан, Ирак жана Түштүк Судан да бар.
Коопсуздуктун даражасын баалоо үчүн баш-аягы 23 индикатор колдонулат. Анын ичинде зомбулуктун, саясий туруксуздуктун деңгээли, чектеш өлкөлөр менен болгон мамиле, терроризмдин таасири жана кылмыштуулуктун жайылышы каралат. Институттун баамында, былтыркыга салыштырмалуу тынчтык индекси быйыл 0,53 пайызга төмөндөп кетти. Коопсуздук деңгээлинин рейтинги 2007-жылдан бери түзүлүп келет.