Фонддун ишмердүүлүгүндө кичи жана орто бизнести каржылоо үчүн банктар аркылуу 5 жылдык мөөнөткө жылдык пайызы 5-12% өлчөмүндө насыялар берилип, насыялоонун мөөнөтү 5 жылдан 15 жылга чейин жогорулатылган.

Түздөн-түз каржылоонун пайыздык чендери АКШ доллары менен 7% дан 4% га чейин төмөндөтүлгөн. Түздөн-түз каржылоо менен банктар аркылуу кичи бизнеске 33-38 млн доллар бөлүнүп берилген.

«Алдыда ишкерлердин күнөскана бизнесин өнүктүрүүгө басым жасайбыз. Аларды колдоо жана каражат менен камсыз кылуу максатында консалтингдик ишканаларды чакырууга аракет жасап жатабыз», — дейт Фонд башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.

Ал эми Башкармалыктын мүчөсү Эркин Асрандиев колдоо долбооруна кызыкдар болуп жаткан банктар бар экенин билдирди. Анын айтымында, KICB банкы жакында кошулган. «Алдыда БТА, АКБ Кыргызстан менен келишим түздүк. Дагы эки банктын иштешүүгө ниети бар экен. Жалпы 25 банк болсо, анын 14-15и иштешүүгө мүмкүнчүлүгү бар», — дейт ал.